2018-жылдын 5-декабрь күнү Ош шаарынын Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, өрттү өчүрүүгө саат 09:11де КР ӨКМнин Ош шаардык №13 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмунөн 1 бөлүм тартылып,өрт саат 09:34тө толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен эки эркек адам түтүнгө ууланып каза болгон (1961-ж.т., Т.И. жана 1971-ж.т. Т.Р.). Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.