Бишкек.12.12.2018.Govori.TV
Бүгүн, 12-декабрь күнү залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Ош шаарындагы № 36 Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектепте жазуучунун айкелинин ачылыш аземи болду.
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мери Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Ашим Осмонов, мугалимдер жана мектеп окуучулары катышты.
Постаменттин автору болуп,кыргыз элинин сүрөтчүсү Аширбек Маразыков болуп эсептелинет.
Бул иш-чара Ч. Айтматовдун туулган күнүнүн урматына карата окуучулардын концерттик программасы менен коштолду.