• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Премьер-министр Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты 17 кыргызстандыкка тапшырды

12 Бештин айы 2019 19:06 Бишкек Govori.TV

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын алуу – бул чоң сый-урмат жана даңк. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты 17 кыргызстандыкка тапшыруу аземинде билдирди.

Өкмөт башчы лауреаттарды жана дипломанттарды сыйлыкка ээ болушу менен куттуктады.

«12-декабрь – бул акындардын алпы Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күн жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Төрөлүү – бул өмүр, жашоонун уланышы. А өмүр –  баарынан кымбат. Бул күн Чыңгыз Айтматовго арналат. Сыйлыктарды тапшыруу аземинин алдында бүгүнкү иш-чаранын социалдык-руханий жана тарбиялык маанисине токтолгум келет. Албетте, сыйлык – бул дайыма ардактуу жана талыкпаган эмгек менен жетишкендиктин натыйжасы. Бирок мен башка нерсе тууралуу сөз кылгым келип жатат. Чыңгыз Айтматов…Бул адам тууралуу айта берсе сөз жетпейт. Бирок сөздүн чебери тууралуу өзгөчө белгитлеп айта турган сөзүм бар. Айтматов – бул бүтүндөй бир доорду ичине батырган адам. Ал планетардык ой жүгүртүүсү менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алды. Бүткүл дүйнөгө кооздукту жана рухий азыкты бере алды.

Тоолор, өрөөн, көл жана дарыя, жөнөкөй эмгекчил, фронтовик, кыргыз энесинин улуулугу – мунун бары жазуучунун чыгармаларында өзгөчө көркөмдөлүп сүрөттөлгөн.  Албетте – бул чоң эмгек.  Ошондуктан доорубуздун залкар жазуучусунун атындагы сыйлыкты алуу – бул чоң сый-урмат жана даңк», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өз сөзүндө 1945-жылы жазуучу биринчи сыйлыгын17 жашында алганын белгиледи. Ал дүйнөдөгү 46 өлкөнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган. Рим клубу, Европа илимдер академиясы сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдардын мүчөсү болгон жана көп жыл элчи кызматын аркалаган. Адамзаттын глобалдуу маселесин көтөргөн Рим клубунун Орто Азиядагы жападан жалгыз өкүл болгонун кошумчалады.  

«Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумунда экология, таза суу маселесин көтөргөн. Планетардык эс тутум– биздин Айтматов менен эсептешкенин көрүүгө болот. Бул биз үчүн чоң сыймык!», — деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаттары жана дипломанттары ар түрдүү тармакта жаратмандыгы менен алдыга озуп чыккан мыктылар экенин белгиледи.

«Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын максаты – өлкөбүздүн мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчилдик маанайда жаштарды тарбиялоочу жана демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратууга, салттуу, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарды гуманизмге тарбиялоо принцибин бекемдөөгө тартууболуп эсептелет», -деп белгиледи Министрлер кабинетинин жетекчиси.

Өкмөт башчы сыйлык алгандардын айрымдарына токтолду, алардын катарында спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Маслова бар.

«Мен спорттун күйөрманымын жана чемпион болуш үчүн кандай эмгекти талап кыларын жакшы билем. Сиздерди Кыргызстан жаштары  кумир тутат. Убакыт тез эле өтүп кетет. Ошондуктан, силер адам жана спортчу катары бардык жакшы сапаттарыңар менен өсүп келе жаткан жаш спортчуларга үлгүсүздөр. Бул ар бирибиздин адамдык жана жарандык милдетибиз», — деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев сыйлыктын лауреаттарынын арасында коррупцияга байланыштуу  олуттуу журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана ата мекендик журналистиканын өнүгүшүнө салым кошкон маркум Уланбек Эгизбаев дагы бар экенин айтты.

Премьер-министр жаштарга мындан ары Лондондогу Айтматов Академиясы тарабынан берилген Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаттары болууну каалады.

«Жаштар – мамлекеттин активдүү жарандары, өлкөнү өнүктүрүүдө эң башкы күч! Чыгармачылыктагы, маданияттагы, спорт, бизнестеги силердей жаш лидерлер – биздин мамлекеттин эртеңки келечеги. Силер менен келечегибиз кең болоруна ишенем», — деп Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сөзүн жыйцынтыктады.

Маалымдама:

«Кыргыз Республикасынын Ч.Т.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты» наамы төмөндөгүдөй номинациялар боюнча төмөнкү талапкерлерге ыйгарылсын:

«Адабият жаатындагы мыкты чыгарма» — Доранбек уулу Акжол;

«Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма» — Эгизбаев Уланбек Токтосунович (көзү өткөндөн кийин);

«Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)» — Жороев Арзымат Набиевич;

«Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор» — Исаков Ызат Уметалиевич;

«Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)» — Жапар уулу Дастан;

«Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш» — Токтогулов Адилет Азисмаметович;

«Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик» — Кубанов Нурсултан Кубанович;

«Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» — Тыныбекова Айсулуу Болотовна;

«Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» — Баялинов Азамат Абдысаматович.

«Кыргыз Республикасынын Ч.Т.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты» наамы төмөнкүдөй номинациялар боюнча төмөнкү талапкерлерге ыйгарылсын:

«Адабият жаатындагы мыкты чыгарма» — Зарылбек уулу Адилет;

 «Музыкалык искусстводогу мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик» — Таалайбекова Гүлшан Таалайбековна;

«Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)» — Маматова Тамила Абдинабиевна;

«Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы» — Өмүрбеков Атай Калыбекович;

«Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш» — Нурдинов Байгелди Илиязович;

«Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик» — Абдыкеримова Нургуль Жунушалиевна;

«Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» — Маслова Дарья Владимировна.

«Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» — Берхмаматов Иззат Холмахаматович.

Количество просмотров: 65