Быйыл Ош шаарынын 3018-жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.
4-октябрда Ош МУнун залында «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу» симпозиуму болот.
5-октябрь күнү Эл аралык жаштар Форуму, Ош шаарынын окуучуларынын аянтка тарткан сүрөт көргөзмөсү, «Сулайман-Тоо- тынчтыктын жана ынтымактын символу» аттуу фестивалы, «Ош-ооматтуу ордо калаа!» аттуу майрамдык жарманкеси, «Билим жана чыгармачылык жарманкеси» , клубдар арасында волейбол мелдеши жана улуттук спорттук оюндар өткөрүлөт.
Ал эми кечинде шаардын борбордук стадионунда Ош шаарынын күнүнө арналган белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын, бийчилердин катышуусунда майрамдык гала концерт болот.