• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ош шаарынын кээ бир аймактарында таза суу убактылуу өчүрүлөт

18 Тогуздун айы 2018 19:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.10.2018.Govori.TV
Ош шаарынын кээ бир аймактарында, 2018-жылдын 23-октябрынан (саат 24:00дөн баштап) 25-октябрына (саат 24:00гө) чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу   «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасы маалымат таратты.
«Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын таза суу, саркынды суу тармактарында жана бекеттеринде, күзгү профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу, шаардын «Курманжан-Датка» (Юго-Восток), «Манас-Ата» (ХБК), «Туран», «Достук» кичи райондорунан жана «Калинин» массивинен башка аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат.
 Аталган ишкана шаар тургундарын керектүү суу менен өздөрүн убактылуу камсыздап алуусун өтүнөт.
Количество просмотров: 32