• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ош шаарынын мэри Ысык-Көлгө жетекчи болду

23 Үчтүн айы 20259:50 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Б.Жетигенов 2022-жылдын 29-ноябрынан бери Ош шаарынын мэри болуп эмгектенип жаткан.

Башка жарлык менен президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан Уланбек Далиев бошотулду. Ага Далиев башка ишке өткөнү негиз болгон.

Количество просмотров: 315