• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Ош ТВ» телерадиокомпаниясы Ош мэриясына өттү

29 Теке 2022 12:54 Бишкек Govori.TV

“Ош ТВ” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун 100 % мамлекеттин үлүшү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди.

Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим шаардын көйгөйлөрүн, муниципалдык кызматтардын ишин, карапайым шаардыктардын турмушун чагылдыруучу телеканал катары “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомун мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилесек, Жалал-Абад шаардык соттун 2011-жылдын 28-октябрындагы чечимине ылайык “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы жоопкерчилиги чектелген коому мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду мындан ары телерадиокомпаниянын ыйгарым укуктуу жалгыз уюмдаштыруучусу болуп саналат.

Количество просмотров: 114