• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош шаарынын күнүн белгилөөгө канча каражат жумшалат?

2 Тогуздун айы 202416:17 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын күнүн белгилөөгө 3 млн. сомдон ашык каражат сарпталат. Чыгымдын 2,5 млн. сому сахнанын жасалгасына кетсе, 800 миң сомдон ашыгы фейервекке колдонулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев билдирди. 

Ал эми маданият башкармалыгы чет өлкөлүк ырчыларды майрамдык иш-чарага чакырууга бюджеттен акча бөлүнбөгөнүн билдирди. Алардын чыгымдарын демөөрчүлөр көтөрүшкөн. 

Шаар күнүн майрамдоого өзбекстандык ырчы Озода Нурсаидова чакырылган. Коңшу Казакстандан да бири ырчы келет, азырынча ким чакырылары чечиле элек. Ошондой эле  Кыргызстандын белгилүү ырчылары да ырдашат.

Быйыл Ош шаарынын 3024 жылдыгы белгиленет. Ага карата шаарда бир катар маданий оюн-зоок программалары өткөрүлөт.

Болжолдуу 30 кылым мурда түптөлгөн калаага 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген.

Количество просмотров: 169