• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто митингде кармалгандар бошотулду

23 Теке 20249:59 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында өткөн митингде кармалган төрт жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилген.

Митингге чыккан соодагерлер оштун борбордук базарын башка жакка көчүрүүгө жана Ак-Буура дарыясындагы көпүрөлөрдү алууга каршы болушкан. Жыйынтыгында 4 жаран милициялар тарабынан камакка алынган.

Жергиликтүү бийлик болсо базар коопсуз жерге көчүрүлүп, жаратылыш кырсыгынан алыс болсун деген таризде аракет кылганын айтууда. Соодагерлер болсо, алган кредиттери бар экенин, иштебесе аны төлөө кыйынчылык жаратаарын айтып, эски базарда эки айдан көбүрөөк иштөөгө мүмкүнчүлүк беришин суранышууда.

Количество просмотров: 106