Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Б. Осмонов көчөсүндөгү «Мегаполис» соода борборунун маңдайында жүрүп жаткан муниципалдык базардын курулуш иштерин көрүп чыкты.
Учурда базардын аймагындагы жер тилкесинде курулуш иштерин эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары жана чубалгылары орнотулууда.

Курулуш иштерине 15тен ашык атайын техника тартылган. Ошондой эле жол тыгындарын алдын алуу үчүн жаңы муниципалдык базарга төрт тараптан кошумча жолдорду ачуу каралган. Бул жерде соодагерлер үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүп берилет.
