Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.
17-мартта мэриянын буйругуна ылайык Ош ЖЭБи жылуулук берүүнү токтотту. Бул тууралуу «Электрдик станциялар» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош ЖЭБи Кыргызстандын жылуулук электр станцияларынын көлөмү боюнча экинчи орунда турат. Анын карамагында узундугу 58, 474 чакырымды түзгөн суу магистралдык жана кварталдык жылуулук түйүнү кирет.
«Ош ЖЭБ жылуулук түйүнүнө жалпы 319 көп кабаттуу үй жана 232 жеке үй, 88 бюджеттик уюмдар, 5 өндүрүштүк керектөөчулөр жана 298 башка уюмдар кошулган», -деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Бишкек шаарына жылуулук берүүнү токтотуу маселеси бүгүн чечилет.