• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ош: Жол кырсыгынан 10 жашар кыз каза болуп, 7 киши ооруканага жеткирилди

14 Баш оона 2018 10:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.08.2018.Govori.TV.
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жол кырсыгынын кесепетинен 10 жашар кыз каза болуп, 7 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  Ош шаарынын 1992-жылы туулган тургуну «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып алдыдагы унаадан оозуп өтүүгө аракет кылып, каршы тилкеге чыккан. Ошол учурда өз тилкесинде келе жаткан «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Кырсыктан улам «Хонда Степвагондун» айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү, «ДЭУ Матиздин» айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү Ош облустук клиникалык ооруканасына жеткирилген. «ДЭУ Матизде» келе жаткан 2008-жылы туулган А.К. аттуу кыз ооруканага жетип каза болду.

Количество просмотров: 29