• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошко Чехиянын делегациясы келди

4 Аяк оона 2022 11:03 Бишкек Govori.TV

Чехия Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартощек жетектеген Чехиянын делегациясы Ош шаарына келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аларды Ош шаарынын аэропортунан Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, КР Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Мээримбек Апышов тосуп алды.

Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында Чехиянын парламенттик делегациясы Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы чехословактардын көмүлгөн жерлерине жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка эстеликтерге барат.

Количество просмотров: 237