• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошко Екатеринбургдан кыргыз жарандары кайтып келди

30 Бугу 2020 21:09 Бишкек Govori.TV

“Ош” эл аралык аэропортунда 30-майда “Урал авиа каттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург – Ош рейси менен чартердик каттамын тосуп алышты, ал менен 233 КР жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Авиарейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Бул каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле, көрсөтүлгөн категориядагы адамдарда эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылбай калган «Урал авиа каттамдары» компаниясынын каттамдарына мурда сатып алынган авиабилеттердин бар экендиги эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылган эмес.

Азыркы учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга (байкоо жүргүзүүгө) белгиленген тартипте жайгаштырылды.
Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.

Количество просмотров: 21