• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошко учуп барган самолёт аэропортко коно алган жок

23 Бештин айы 20197:23 Бишкек Govori.TV

«ТезЖет» компаниясына таандык Бишкек-Ош каттамындагы учак 22-декабрда саат 12:15те «Манас» эл аралык аэропортунан абага көтөрүлгөн. Аэропорттун басма сөз кызматынан «Азаттыкка» билдиришкендей, учак Ош аэропортуна коно албай, кайтып келген.

Баштапкы маалыматтар боюнча, буга Ош аэропортундагы аба ырайы себеп болгон.

«ТезЖет» компаниясы учагы Ошко коно албай кайтып келгени жөнүндө маалымат бере элек.

Количество просмотров: 3116