• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошко жылуулук бериле баштады

6 Жетинин айы 2019 9:29 Бишкек Govori.TV


Ош шаарына жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу «Ош жылуулук электр» ишканасынан билдиришти. Мекеме берген маалыматында, азыркы убакта жылуулук акырындап берилиши улантылууда. 

«1-ноябрь күнү жылуулук бериле башталды. Алгач тиешелүү объекттерге, ишкана-мекемелерге, андан кийин жашоочуларга беребиз», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Ошто 289 көп кабаттуу үйлөр, 18 мектеп, 13 саламаттыкты сактоо мекемелери жана 10 бала бакча жылуулукка туташтырылган. Андан тышкары Ошто 70ге жакын мамлекеттик обьекттерге жылуулук берилет.  

Количество просмотров: 74