• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто 1,7 кг баңгизат менен жергиликтүү тургун кармалды

8 Чын куран 2022 16:08 Бишкек Govori.TV

Ошто ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-март күнү Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Мобилдүү ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгына «А» аттуу жаран Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сактап жана сатуу аракеттерин көрүп жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча 2022-жылдын 18-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы маалымат боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Мобилдүү ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери 2022-жылдын 2-апрель күнү саат 16.30 чамасында Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө 1991-жылы туулган К.М. башкаруусундагы «ДЭУ-Матиз» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Автоунаанын ичиндеги жүргүнчү катары бара жаткан 1985-жылы туулган Э.М. жана баңгизатты мыйзамсыз сатуу үчүн мурда бир нече жолу соттолгон 1971-жылы туулган Т.С. болгон. Т.С.нын Ош шаарындагы батирине кызматтык ит менен кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда жуунучу бөлмөсүнөн скотч менен оролгон салмагы 1 кг 7 гр болгон таңгак табылган.

2022-жылдын 3-апрелдеги соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде жогорудагы табылып алынган зат “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталып, анын жалпы салмагы 1 кг 7 гр түзгөн.

Аталган факты боюнча кармалган жаран Т.С. Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди. Бүгүнкү күндө жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Количество просмотров: 139