• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто 14 окуучу, эки мугалим клей жыттап ууланышты

25 Чын куран 2018 16:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.04.2018. Govori.TV.
25-апрелде, саат 13:00дөр чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош облустук ооруканасынан окуучулардын ууланганы боюнча маалымат келген, деп шаардык милициянын маалымат кызматы  билдирүү таратты.
«Окуучулардын айтымында, алар класска кирген учурда целлофан баштыкта өзгөчө жыты бар зат жаткандыктан аны жыттап көрүшкөн. Мугалим баштыкты сыртка алып чыгып ыргытууну айткан. Андан кийин окуучулар өздөрүн жаман сезип тез жардам чакырылган. Учурда жалпы 14 окуучу, эки мугалимге медициналык жардам көрсөтүлүп жатат, баарынын абалы туруктуу», — деп айтылат маалыматта.
Ыкчам-иликтөө тобу барып текшергенде окуучулар психотроптук заттан (клей) ууланганы аныкталган.
Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 37