• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Ошто 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

24 Бугу 202217:00 Бишкек Govori.TV

Ошто дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Коргон айылынын 17 жаштагы Т.К. аттуу тургуну Супа жайлоосунда жайылып жүргөн мал-жандыктарын кароо үчүн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 24-майда баланын туугандарынан ӨКМге билдирүү түшүп, издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар Үнкүр айылына барганда жергиликтүү тургундар жоголгон баланын сөөгү табылгандыгын билдиришкен. Баланын сөөгү ата-энесине өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 367