• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто кумар оюндары уюшулган жай жабылып, иш козголду

14 Теке 2023 12:06 Бишкек Govori.TV

Ошто кумар оюндары уюшулган жай жабылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, тергөө иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, техникалары алынган.

«Мындан бир  нече күн мурда Ошто казино иштеп жатканы боюнча видео тараган. Бул факты боюнча ИИМ ыкчам чараларды көрүп, маалыматты териштирген. Анын жыйынтыгында аталган жай казино эмес, букмекер экени аныкталган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган 30дан ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда онлайн каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон»,-деп жазды ал.

Учурда Бишкек, Ош, Чүй, жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 81