• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто 19 жаштагы индиялык студент сууга агып, каза болду

29 Бугу 2020 13:11 Бишкек Govori.TV

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенти, 19 жаштагы индиялык жаран Ак-Буура суусуна агып, каза болгон. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковго шилтеме берип «Азаттык» жазды. Маалыматка ылайык, 112 ыкчам номерине 29-майга оогон түндө, саат 4:00 чамасында маалымат түшкөн. Издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош шаардык ИИБнын кызматкерлери жүргүзүшкөн. 29-май күнү, болжол менен саат 9:30 чамасында студенттин сөөгү табылган.

Маалыматка караганда маркум бир нече шериктери менен саат 3:30 чамасында дарыянын боюна барып, сууга агып кеткен. Сууга агардан мурда ал алкоголдук ичимдик ичкени маалым болду.

Ош шаарындагы медициналык окуу жайларында эки миңден ашуун индиялык студент окуйт.

Индиянын Бишкектеги элчилигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан тогуз миңдей индиялык студент окуйт. Алардын көбү Эл аралык университеттин медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат.

Количество просмотров: 169