• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто 210 миң сомдук малды уурдаганга шектелгендер кармалды

18 Тогуздун айы 2022 9:12 Бишкек Govori.TV

Оштун Кара-Суу районунда 210 миң сомдук малды уурдаганга шектелип кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-октябрда Кара-Суу райондук милициясына арыз менен 51 жаштагы М.К., 42 жаштагы М.М. жана 33 жаштагы З.О. аттуу жарандар кайрылып, өздөрүнө таандык мал жандыктарын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдиришкен. Малдардын жалпы суммасы 210 миң сомду түзөт.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин (“Уурдоо”) негизинде иш козголгон.

«Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында малды сатып жаткан жеринен 27 жаштагы М.Б., 31 жаштагы С.И. жана 22 жаштагы А.С. аттуу жарандар кармалган»,-деп айтылат маалыматта.

Шектүү жарандар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Количество просмотров: 363