• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто 26 жаштагы кыз көпүрөдөн кулап каза болду

26 Жалган куран 2021 11:47 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунда кыз көпүрөдөн кулап түшүп каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-март күнү саат 17:45 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында белгисиз жаран бийиктиктен боюн таштап каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине 136-берене «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда, Орусиянын 26 жаштагы жараны аталган айыл аймагында орун алган Дача участкасында жайгашкан көпүрөдө белгисиз жагдайда бийиктиктен кулап кетип, окуя болгон жерде каза болгондугу аныкталган. Тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Маркум жөнүндө маалымат: Орусиянын жараны, улуту кыргыз, 2020-жылдын май айында Ош шаарында жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсун аяктаган. 2020-жылдын октябрь айларында Орусиянын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кетип, 2021-жылдын 24-март күнү Москва шаарынан келген, жогорку билимдүү.

Количество просмотров: 315