• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто 3 млн сомдон ашкан каражатка бааланган жер тилкеси муниципалитетке кайтарылды

1 Кулжа 2021 10:30 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жеке менчикке өтүп кеткен 3 млн 660 миң 900 сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Курманжан-Датка көчөсүнүн №262а дарегинде жайгашкан, Ош мамлекеттик университетине караштуу 3 660 900 сомдук, 154 чарчы метр жер тилкесин А.С. аттуу жаранга берүү боюнча 2008-жылдын 18-сентябрында Ош шаардык мэриясы тарабынан мыйзамсыз токтом кабыл алынгандыгы аныкталган.

Ошондой эле, Ош шаардык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аталган жаранга жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилген.

Соттук кароонун жыйынтыгы менен шаардык прокуратуранын укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу тууралуу доо арыздары толугу менен канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жер тилкеси мэриянын балансына кабыл алынды.

Количество просмотров: 91