• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто 30 автобус бузулгандыктан каттамдан алынган

21 Тогуздун айы 202419:31 Бишкек Govori.TV

Ош шаарына 2016-жылы Орусиядан сатылып алынган 30 автобус каттамдан убактылуу алынды. Бул тууралуу шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, алар бузулуп калгандыктан каттамдан алынган.
30 автобустун ичинен 15ге жакыны оңдоп-түзөөдөн өтүп, кайрадан каттамга чыгарылат. Бирок качан чыгары белгисиз.

Ал эми калган автобустардын тетиктери жок болгондуктан, оңдолбой турат.
Азырынча коомдук транспортторду оңдоого канча каражат кетери тактала элек. Аталган ишкана тетиктерге карап, эсептелерин билдирди.

Эске салсак, жергиликтүү бийлик коомдук транспорттордун бир бөлүгүн гранттык негизде, калганын карызга алган. Автобустун ар бири 6,5 млн. сомдон сатылып алынган. Автобус үчүн алынган жалпы 5 млн. 700 миң евро карыз 2026-жылы төлөнүп бүтүшү керек.

Количество просмотров: 186