Ош шаарынын шаардык перинаталдык борборунда 3-апрелде төрөт учурунда жаш келин каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы келин 25-мартта кош бойлуулуктун 33 жумалыгында оор абалда төрөт үйүнө түшкөн. Жүрөгүндө кемтик бар болуп, шашылыш түрдө кесарево жасоо чечими кабыл алынган. Салмагы 2 кг 350 гр болгон кыз жарык дүйнөгө келди.
«Келин реанимация бөлүмүндө эс-учун билбей жаткан. Дарыгерлер бир нече ирет консилиум өткөрүп, көрүлгөн чараларга карабастан 3-апрелде каза болду. Ымыркай 6-апрелде патология бөлүмүнө которулду», — деди ал.