Ошто 30 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «102» кызматына дарыгерлер чалып, 1992-жылы туулган Д.И., аттуу жаран миздүү нерседен жараат алып каза болгондугун билдиришкен.
«Кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Ж.Э., аттуу тургуну кармалган»,-деп айтылат маалыматта.
Шектүү учурда тергөө кызматына жеткирилген, окуянын чоо-жайы такталууда.