• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто 40 жаштагы аял эки баласына чычкандын дарысын берген деп айыпталууда

28 Аяк оона 2022 10:44 Бишкек Govori.TV

Ошто милиция кызматкерлери ууландырылган 2 өспүрүмдүн өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 27-сентябрда саат 16:30 чамасында болгон. Ош шаарынын Амир-Темир кичи шаарчасында жашап жаткан 1982-жылы туулган жаран өзүнүн 2009 жана 2011-жылы туулган балдарына ири көлөмдөгү димедрол дарысын берип, өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган Ош ШИИБдин жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жеринде Тез жардам чакырган, андан соӊ ыкчам тергөө тобуна кабар беришкен. Тез жардам кызматы келгичекти милиция кызматкерлери балдарга суюктук беришип, ичин ири көлөмдөгү дарыдан тазалоого аракет жасашкан.

«Апасынынын берген көрсөтмөсүнө ылайык, ал балдарын өлтүрүп, андан соӊ өзүн өлтүрүүгө аракет жасай тургандыгын, балдарына чычканга каршы пайдалануучу дарыны жана димедрол дарыларын бергендигин айткан. Учурда шектүүнүн үстүнөн ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Аялдын бул кадамга баруу себептери, диний-экстремисттик топтор менен байланышы жана психикалык абалы дагы текшерилүүдө. Алгачкы маалыматтарга караганда, балдардын апасы 1982-жылы туулган жолдошу менен ажырашып кеткен»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыр тарткан балдардын абалдары жакшы, ден соолугуна коркунуч жок экени кошумчаланды.

Количество просмотров: 283