Ош шаарында ичимдиктин айынан эркек киши бөтөлкөлөшүн өлтүрүп алган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, шектүү жаран Ош шаарындагы Земляничная көчөсүндө жашаган 41 жаштагы А.Р. аттуу таанышынын үйүнө конокко келип, спирттик ичимдиктерди ичишкен. Андан соң экөө чырдашып, мушташа кетишкен. Натыйжада конокко келген жаран үй ээсин уруп, балта менен чаап өлтүрүп койгон. Окуя 6-май күнү түнкү саат 03:00дөр чамаларында болгон.
«Шектүү катары Бишкек шаарынын 31 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну кармалды. Ал кылмыш болгон жерден чыгып, автоунааны тосуу үчүн жолдо бара жатканда милиция кызматкерлери тарабынан колго түшкөн. Ага Ош шаардык соту тарабынан 8-май күнү тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо чечими чыгарылды»,-деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.