• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Ошто 6 жашар баланы өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу өзү милиция бөлүмүнө келди

29 Аяк оона 2018 10:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.09.2018.Govori.TV.

Ошто 6 жашар баланы өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу өзү милиция бөлүмүнө келди. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Кара-Суу районунун Отуз-Адыр аймагында 27-сентябрь күнү саат 18:50 чамасында 6 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кечээ күнү кечинде милиция бөлүмүнө өз ыктыяры менен келген. «Кара-Кулжанын 1989-жылы туулган тургуну кечээ кечинде милицияга кайрылып, 6 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткенин билдирди. Анын айтымында, бала жолго чуркап чыга калган, айдоочу унааны токтото албай калып, сүзүп кеткен. Андан кийин коркуп, окуя болгон жерден изин жашырганын билдирген. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилип, айдоочуга кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды», — деп билдиришти облустук милициядан. Ошондой эле, айдоочу өзү жакында эле үй-бүлө курганы маалым болду. Эске салсак, Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылынын 6 жаштагы тургунун 27-сентябрь күнү белгисиз айдоочу Тойота-Прадо үлгүсүндөгү ак түстөгү жол тандабас менен сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Кырсыктын натыйжасында бала окуя болгон жерден каза болуп калган.

 

  1. Булак: Супер.кж
Количество просмотров: 24