• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто 7 миң жумуш орундуу тигүү фабрикасынын курулушу башталды

14 Аяк оона 2018 11:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек 15.09.2018. Govori.TV
Ош шаарында 7 миң жумуш орундуу тигүү фабрикасынын курулушу башталды. Бул тууралуу Азамат Апсатаров маалымат билдирди.
«Ош шаарынын Кең-Сай конушунда текстильдик тигүүчү фабриканын курулуш иштери башталды. Учурда курулуучу объектин ордун жана жолдорду түздөө, суу, электр энергиясын тартуу иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери 3 этапка бөлүнүп жүргүзүлөт. Учурда 50 жумушчу, 10дон ашуун техника иш алып барууда. ЖЧКнын өкүлдөрү маалымдагандай, курушутун 1-этабынын негизинде 2019-жылдын аягына бир кеңсе бүткөрүлүп, 1000 адамга жумуш берилет. Айта кетсек, “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧКсы тарабынан Ош шаарына текстиль фабрикасын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында Кең-Сай массивинен 25 гектар жер бөлүнүп берилген. Келечекте 7 миң жумуш оруну менен шаардыктарды камсыз кылат», — деди Абсатаров.
Количество просмотров: 18