Ош облусунда мугалим тарабынан сабалып ооруканага түшкөн окуучу боюнча иш тергелип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, окуя 13-апрелде Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында болгон. Анда М.Тешебаев атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусуна дене тарбия сабагынын мугалими кол көтөргөн.
Бул факты 66-берененин 1-бөлүмү менен Кара-Суу РИИБинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Учурда аталган иш боюнча милиция тарабынан тийиштүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.