• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ошто айдоочу 6 жаштагы баланы сүзүп кетти

27 Тогуздун айы 2018 14:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.10.2018.Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунда  26 жаштагы айдоочу 6 жаштагы баланы сүзүп алды. Бул маалыматты Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн тастыктады.

Маалыматка ылайык, 25-октябрь күнү саат 17:00дөр чамасында Садырбай айылында Ош тарапка бараткан 1992-жылы туулган жаран унаасын башкара албай 6 жаштагы баланы сүзүп кеткен.

Жабыр тарткан бала Ош облустук клиникалык оорукансына жеткирилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 13