Ош шаарындагы дарыгерлерди №28 кичи автобус ташып жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар шаардагы 8 оорукана жана 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан медиктерин күнү-түнү тейлөөдө.
“Медицина кызматкерлерин үйүнөн жумашка, жумуштан үйүнө жеткирип туруу боюнча шаар мэри тапшырма берип, күйүүчү май мэрия тарабынан берилүүдө. Ал эми айдоочулар өз демилгелери менен кызмат акысын албай, акысыз иштеп жатышат”, — деп айтылат маалыматта.