• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто акча каражаттарынын белгилерин жасаган кеңседе тинтүү жүрдү

14 Тогуздун айы 2021 15:48 Бишкек Govori.TV

Акча каражаттарынын белгилерин жасады деген шек менен “А.К.” кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү, — деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК КР жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи пункту («Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган содко чейинки өндүрштүн алкагында “А.К.” аттуу КР жараны кармалды.

«2021-жылдын 13-октябрьнда “А.К.” кеңсесиңде тинтүү жүргүзүлүп, тинтүү учурунда “А.К.” өз ыктыяры менен номиналдык 100 доллар болгон 4 миң 600 АКШ доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражаттарын берген. Бул материалдар боюнча соттук-техникалык экспертиза дайындалды»,-деп айтылат мааалыматта.

Кармалган жаран КР жазык – процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 678