• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ошто Алымбек датка жана Каныкейдин эстеликтери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

3 Чын куран 2023 16:59 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы Алымбек датка жана Каныкейдин эстеликтерин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жумуштары башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда долбоор даярдалып, жумушту жасоочу компания аныкталган.

“Алгач Алымбек датканын, андан соң Ош районундагы Каныкейдин эстелигинин айланасы толук жасалат. Мында эстеликтердин урап, сынып калган таштары, жазуулары жаңыланат. Айланасы көрктөндүрүлүп, таман таштар алмаштырылат. Ал эми улуу инсандардын аты-жөнү ташка чегилип жазылат”, — деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында жалпы 44 эстелик бар жана аларды оңдоп-түзөө иштерине жыл сайын 1 млн сом бөлүнөт.

Количество просмотров: 102