• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды

27 Үчтүн айы 202315:09 Бишкек Govori.TV

ОшМУнун медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. Операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Омурбек Алишов менен биргеликте жасады.

“Бүгүн ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды. Операция 4 саат созулду. Анткени ракка жасалчу операциялар узак убакыт өтө кылдаттык менен жасалат. Акыркы медициналык көндүмдөрдү колдонуу менен бейтаптын ашказынан операцияны ийгиликтуүү жасап бүттүк”,-деди врач-хирург,онколог Жанек Белеков.

ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда мындан ары операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

Февраль айында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лопороскоп аппараты алынып келинет, ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот.

2022-жылдын декабрь айында клиника үчүн окуу жай «тез жардам» унаасын да сатып алган.

Количество просмотров: 373