• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто аскер кызматкери баңги бизнесин жүргүзгөнгө шектелүүдө

29 Үчтүн айы 202110:42 Бишкек Govori.TV

Ошто баңги бизнесине шектелген аскер кызматкери кармалды, деп билдирди бүгүн, 29-январда Баңгизат менен каршы күрөшкөн кызматтын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү Ош шаарында өсүмдүк тобундагы баңгизатты сатып жаткан учурда 1991-жылы туулган А уулу Н аттуу жаран кармалган.  Андан алынган зат гашиш экени, салмагы 7 граммга жете турганы такталган.

Шектүү ошондой эле баңгизаттарды Ош жана Чүйдүн аймагына жайылтууга аралашып турган. Бул кылмышка катышкан башка адамдарды тактоо иштери улантылып жатат.

Количество просмотров: 130