• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто аткезчилик менен алып келинген 4 тоннадан ашык жүзүм аныкталды

23 Баш оона 2022 11:52 Бишкек Govori.TV

Ошто бажы кызматкерлери Тажикстандан аткезчилик менен алып келинген 4 тоннадан ашык жүзүмдү аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери тарабынан КРнын Г.П.И. аттуу жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz маркасындагы унаа токтотулуп, текшерүү жүргүзүлгөн.

Автоунааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 2200 кг, 132 миң 500 сомду түзгөн жүзүм табылган. Жаран Г.П.И. Тажикстандан мыйзамсыз түрдө товар алып келүүгө аракет кылган.

Ош шаарында ушундай эле факты Кыргызстандын жараны М.М.Ж. башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда дагы аныкталган.

Анда дагы жүктүнсалмагы 2200 кг, баасы 132 миң 500 сомду түзгөн жүзүм табылган.

Жогорудагы фактылар тиешелүү органда катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 106