• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто автобустар мектеп окуучуларын бекер ташып баштады

4 Тогуздун айы 202416:35 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында мектеп окуучулары үчүн бекер автобустар жүрө баштады. Автобустар эртең менен, түштө, кечинде жүрүп, каттамга беш автобус чыккан. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев белгилегендей, акыркы убакта мэрияга балдардын транспортсуз калганы боюнча көптөгөн даттануулар түшкөн.

«Биз азыр беш автобусту ишке киргиздик, мектеп окуучулары үчүн дагы төрт троллейбусту линияга киргизүүнү пландап жатабыз. Алар окуучуларды бекер ташышат», — деди вице-мэр.

Количество просмотров: 244