• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто баңгизат тобунун ишмердүүлүгү бөгөттөлүп, шектүүлөр кармалды

18 Бирдин айы 202517:54 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында эл аралык баңгизат тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча эл аралык наркоканалды уюштурган Ош облусунун айрым жашоочуларынан турган эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердиги аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында Ж.Х.Х .жана К.И.А. аттуу жарандар кармалган. Ж.Х.Х.нын үйүн тинтүү учурунда. 9 кг 793 гр салмактагы 10 брикет «афган чарсы» баңгизаты жана 1 кг белгисиз синтетикалык заттын 1 брикети табылган. Учурда аталган белгисиз заттын баңги зат экенин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, К.И.А.нын үйүндө салмагы 133,99 граммды түзгөн «афган чарсы» баңгизатынын 1 брикети табылган.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрүнө карата Ош шаардык соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иштерди улантууда.

Количество просмотров: 228