• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто бала бакча курууда мамлекетке 3 млн сомдон ашык зыян келтирилген

8 Кулжа 2022 15:42 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун прокуратурасы тарабынан региондо социалдык инфраструктура объекттерин курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышынын мыйзамдуулугун текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Ош областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош областтык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан, Араван районунун Нурабад айыл аймагынын Кайрагач-Арык айылына 60 окуучулук орундуу балдар бакчасынын имаратын куруу боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен «А.» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, 21,8 млн сомдон ашык суммага тиешелүү келишим түзүлүп, толугу менен каржыланган.

Курулуш иштери аяктагандан кийин кабыл алуу актысы түзүлүп, объект пайдаланууга кабыл алынган.

Бирок, текшерүүдө аныкталгандай, жалпы 3 208 377 сомдук курулуш материалдары жана иштери жогорулатылган баада аткарылгандыгы жана бир катар курулуш иштери иш жүзүндө аткарылбагандыгына карабастан, аталган объект кабыл алынып толугу менен пайдаланууга берилген.

Натыйжада, Ош областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын, Ош областынын архитектуралык-курулуштук контролдоо боюнча регионалдык башкармалыгынын жана “А.” ЖЧКнын кызмат адамдарынын жогорудагы аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жогоруда көрсөтүлгөн өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 104