• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто бала бакчадагы баласын тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган келин 12 жылга камалды

29 Баш оона 201815:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.08.2018.Govori.TV.
Ош шаарында өзүнүн баласын бала бакчада жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган 26 жаштагы келин 12 жыл 6 айга камалды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун ага карата мындай өкүмү 22-августта чыгарылган. Ал келин шаардагы бала бакчалардын биринде баласын жаздык менен тумчуктурууга аракет кылып жаткан учурда башкалар байкап калып токтотушкан. Келин өзү ата-энеси аны мажбурлоо жолу менен күйөөгө бергендигин, кийин ажырашып кеткенин билдирген. Ата-энеси аны үйдөгү сиңдилерине туура эмес таасир берет деп кабыл албай койгон. Андан кийин баласын кризистик борборго берип, өзү иштеп жүргөн. Ошол күнү абдан катуу кыжалат болуп (нервный срыв) баласын өлтүрүп, андан кийин өзүнүн өмүрүн кыюуну каалаган.

Баласы азыркы учурда балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.

Теги:
Количество просмотров: 36