• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто бала бакчадан оозу көгөрүп келген 4 жаштагы баланын иши көзөмөлгө алынды

10 Аяк оона 2018 10:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.09.2018.Govori.TV.
Оштун мэри бала бакчадан оозу көгөрүп келген 4 жаштагы баланын ишин өз көзөмөлүнө алды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси  Азамат Абсаттаров билдирди.
Маалыматта, Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов атайын комиссия түзүп, шаардагы бала бакчаларды текшерүү тапшырмасын берди. Калаа башчысы 4 жаштагы баланын бала бакчадан оозу көгөрүп келгендиги боюнча окуя толук иликтенип, жыйынтыгында тиешелүүлөргө чара көрүү зарылдыгын айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКларда Ош шаарынын тургуну бала бакчага барган уулунун оозу көгөрүп келгенин айтып, милиция кызматкерлерине кайрылганы кабарланган.
Бул боюнча шаардык милиция териштирүү иштерин улантууда. Окуя Ош шаарындагы №48 «Гүлдесте» бала бакчасында катталып, жабыркады делген бала 4 жашта болгон.

 

Количество просмотров: 33