• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ошто баласын ооруканага таштап, Түркияга качмакчы болгон келин кармалган

6 Аяк оона 2023 17:36 Бишкек Govori.TV

Ири суммадагы алдамчылыкка шектүү аял жаӊы төрөгөн баласын ооруканага таштап, Турцияга качуу үчүн аэропортко келгенде кармалган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кармалган 1991-жылы туулган К.А.нын үстүнөн Ош шаарынын 4 жашоочуларынын үстүнөн арыз түшкөн. Алардын арызына ылайык 4 жабырлануучу ири суммадагы акчаларын алдатышкан. Тагыраак айтканда, шектүүгө 538 миӊ, 40 миӊ, 50 миӊ жана 70 миӊ (жалпы суммасы 698 миӊ доллар) акча каражаттарын беришкен. Анткени шектүү аларга ири партиядагы балдар кийимин жана иштеп жаткан тигүү цехин сата турган болуп алдаган.

Анын бул кылмыштуу аракетинен улам Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин алдамчылык беренеси (209-берене) менен кылмыш иши козголгон.

«Тергөөчү тарабынан бир нече ирет чакырылгандыгына карабастан, келбестен өзү жашап турган Өзгөн районунан Бишкек шаарына качып кеткен. Бишкек шаарында, баласын ооруканага медицина кызматкерлерине айтпастан таштап, чыгып, Бишкек-Стамбул» багыты боюнча кылмыш жоопкерчилигинен качып бара жаткан учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек аэропортунан кармалган жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинген. Оорукана жетекчилиги тарабынан өз баласын таштап кеткендиги боюнча акт түзүлгөн. Ош шаардык соту тарабынан 31-августта кылмыш иши каралып, жабырлануучуларга келтирилген чыгымдын ири суммада экендигин жана шектүү качып кетиши мумкүндүгүн эске алып, шектүүну 15-сентябрга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарган. Учурда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын маалыматына ылайык, аталган шектүү К.А.нын устүнөн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан дагы ушул сыяктуу бир нече факт аныкталган. Бишкектик жабырлануучулардын чыгымы 300 миӊ доллардан көп»,-деп жазылат маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы аталган аялдан жабырлануучулар болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына кайрылууну суранат. Байланыш телефондору 03222-4-82-82.


Количество просмотров: 809