• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Ошто бажы кызматкерлери кармалды

13 Кулжа 2023 10:14 Бишкек Govori.TV

Кытайдан аткезчилик жол менен товарлардын реалдуу көлөмүн азайтып алып келүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта “К.Г.” ЖЧКнын, “Г.Д.” ЖЧКнын, “А.Т.” ЖЧКнын жана “К.Т.” ЖЧКнын өкүлдөрү Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, тараза күбөлүктөрүн бурмалоо аркылуу ташылып келинген жүктүн салмагын өзгөртүшкөн, анын негизинде бажы төлөмдөрүн төлөө шарты менен андан ары эсептөө жүргүзүлгөн.

«Өз кезегинде Финансы министрлигине караштуу Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери жарыяланган документтер менен иш жүзүндөгү маалыматтардын ортосунда ачык-айкын айырмачылыктын белгилери бар экендигине карабастан, 100дөн ашык жасалма документтердин негизинде товарларды бажылык тариздөө иштерин жүргүзүшкөн. Финансы министрлигине караштуу Түштүк-Батыш бажысынын кызмат адамдарынын жана аталган ЖЧКнын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 200 тоннадан ашык товар бажы төлөмдөрүн төлөөдө эсепке алынбай, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул факты боюнча Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын «Ош» Бажы процедуралары борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун эки инспектору С.И.Ч. жана М.К.А., ошондой эле Т.Т.Ж. жана А.А.А. компанияларынын өкүлдөрү кармалып, Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №25 тергөө абагына киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 60