Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кечээ өткөн коллегиялык жыйында бир катар жетекчилердин ишине баа берилген.
Натыйжада жетекчилерге төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:
Мындан тышкары, билим берүү тармагындагы жетишпестиктер үчүн Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары талаптагыдай камсыз кылуу чараларын көрбөй, айрым кемчилдиктерге жол берип, жетиштүү деңгээлде иш алып барбагандыктары белгиленди.
Алты айыл өкмөт башчысынын жана бир шаар мэринин орун басарынын иши жетишсиз деп бааланды.
Ошондой эле Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин иши жетишсиз деп бааланды жана район жетекчилерине эскертүү берүү сунушталды.