• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Ошто биринчн жолу 600гө жакын мамлекеттик кызматкер акысыз тамактанды

8 Бирдин айы 2019 10:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек 08.02.2019 Govori.tv

Ошто алгачкы жолу мамлекеттик кызматкерлер үчүн дасторкон даярдалып, сый көрсөтүлдү. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүктөр таратылганын иш-чаранын демилгечиси Жасур Парпиев билдирди.

Бүгүн, 7-февраль күнү Ош шаарында жайгашкан «Жасур аш» борборунда мамлекеттик мекеме-ишканалардын 600гө жакын кызматкерлерине акысыз ысык тамак берилди. Андан сырткары 120га жакын аз камсыз болгон үй-бүлө чакырылган. Алар азык-түлүктөрдү алып кетишти. Ошондой эле шаарда туруктуу жашаган турак жайы жок адамдарга ысык тамак берилген.

Алгачкылардан болуп эртең менен «Ош-Тазалык» жана шаарды жашылдандыруу чарба комбинатында эмгектенген кызматкерлер тамактанды.

«Аталган иш-чараны «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду, «Жасур аш» борбору, «Раяна» соода дүкөнү жана «Сайра нават» өндүрүш ишканасы менен чогуу өткөрдүк. Азыр сыртта суук. Ушундай аба ырайына карабай шаарыбыздын тазалыгын сактап, көрктөндүрүү үчүн бир топ жумушчулар иштешет. Алардын эмгегин баалоо, ыраазычылык билдирүү биздин милдетибиз. Аларга жардам берүү да өз колубузда. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү аталган фонд өз жоопкерчилигине алып, салым кошуп келет. Бүгүнкү иш-чарада биз да ошол фондго жардам сурап кайрылган жарандарга азык-түлүк жагынан аз болсо да кол кабыш кылдык.

Мен ойлойм, мындай иш-чаралар инсандар ортосундагы мамилени бекемдеп, коомдун кандай гана мүчөсү болбосун аларга көңүл бурууга үндөйт. Ал эми биздин аш борборубуз иштеп баштаганына аз убакыт болсо да шаардыктар жана шаарыбыздын тургундары үчүн түрдүү шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз. Бул өзүн жарнамалоо же башка өңүттөгү иш эмес. Чын көңүлдөн жасалган жумуш.

Биз токтотпойбуз, буюрса алдыда дагы жаңы демилгелер менен уланта бермекчибиз», — деди Жасур Парпиев.

Булак : Турмуш

Количество просмотров: 12