• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ошто бычакталган окуучулар. Мэр Сарыбашов ыкчам жыйын өткөрдү

12 Бирдин айы 2021 9:28 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бычакталып каза болгон мектеп окуучусуна байланыштуу Ош шаарынын милиция кызматкерлери менен ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Бакыт Исраилов бул окуянын айланасындагы кырдаал жана шектүүлөрдү издөө боюнча акыркы маалыматтарды берди. Сарыбашов ыкчам издөө иштерин тез арада жүргүзүүнү жана бул кылмыштын бетин ачууну тапшырды.

Эске салсак, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүн, 11-февралда дүкөндүн жанынан өспүрүмдөрдүн кайым айтышуусу мушташка айланып, натыйжада экөө бычактан жаракат алышкан. Бирөө алган жаракатынан каза болуп, экинчисинин абалы оор. Учурда окуя боюнча милиция кызматкерлери иш алып барышууда.

Количество просмотров: 191