• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто үч кишиге коронавирус илдетин жашырганы үчүн иш козголду

21 Чын куран 2020 14:37 Бишкек Govori.TV

Бул туурасында Ош шаарынын, Карасуу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов 21-апрель күнү брифингде билдирди. Ал Калинин массивиндеги маалелердин биринде Орусиядан келген жаран үй-бүлөсүнө коронавирус жугузуп алганын мисал кылды.

«Орусиядан келгенден кийин текшерүүдөн, медициналык кароодон өткөн эмес. Үйүндө бала-бакырасы менен карым-катнаш кылып жүрө берген. Жаап-жашыргандыгы, өзүнүн үй-бүлө мүчөсүнө жугузганы тууралуу маалымат толук аныкталып чыкты. Андан сырткары 10 жакын туугандары бүгүнкү күндө обсервацияга алынды», — деди Нурдинов.

Учурда бул жаранга карага Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 280-бересинин («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») негизинде иш козголуп, териштирилүүдө.

21-апрелге карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандардын саны 590 кишиге жетти. Алардын 150сү Ош облусунда болсо, 93ү Ош шаарында. 

Количество просмотров: 145